Эгемендүүлүк тууралуу асыл ой-кыялдарыбыздын башаты, аруу тилектерибиздин, мамлекеттүүлүк тууралуу бийик идеалдарыбыздын калыптанышы дагы эзелтеден жер соорусу атыккан кереметтүү Талас жергеси Манас атанын ыйык руху менен байланыштуу. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров 29-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас!» театрлаштырылган маданий иш-чаранын жүрүшүндө айтты.
Театрлаштырылган иш-чара улуу улуттук баатыр Манастын күмбөзү орун алган "Манас Ордо" улуттук комплексинде уюштурулду. Мамлекет башчысы өз сөзүндө эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында ыйык Талас жергесинде өтүп жаткан бүгүнкү жолугушуунун терең маанисин баса белгиледи.