Жаңылыктар
УКМК: Патрулдук милициянын үч кызматкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Патрулдук милициянын үч кызматкери кармалды

Машинанын айдоочусунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча Бишкек ШИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн үч кызматкери кармалды. 

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, патрулдук милиция кызматкерлери өлтүрүлгөн жаран боюнча кылмыш ишин иликтөө учурунда кармалышты. Алар патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары, полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.