Жаңылыктар
Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду. 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленет. 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. 2021-жылдын 27-августунда Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жаңы тартибин караган "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамы күчүнө кирген. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат. Депутаттардын санынын өзгөрүшү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган талаптар, жаңы шайлоо системасын киргизүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги чакырылышына депутаттарды жаңы шайлоону дайындоону жана өткөрүүнү карайт. Баш мыйзамга ылайык, Президент Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт. Жарлык бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.