Жаңылыктар
Ички аскерлердин пенсиясы көбөйтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ички аскерлердин пенсиясы көбөйтүлөт

Пенсия дайындоо үчүн Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызмат өтөө мөөнөтүн жеңилдетилген түрдө эсептөө жөнүндө чечим кабыл алынды. Токтомго ылайык, кызмат өтөп жаткандарга бир айлык мөөнөт 1,5 ай деп эсептелет. Ал эми Баткен облусундагы аскер бөлүктөрүндө жана башка мекемелерде кызмат өтөгөндөрдүн бир айы эки айга барабар болот. Мындай кадам социалдык кепилдиктерди ишке ашыруу жана кызматкерлерге дем берүү үчүн жасалды. 

Белгилей кетсек, бул чечим президенттин Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасында айтылган тапшырмасына ылайык кабыл алынды. Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.