Жаңылыктар
Унааларды мыйзамсыз ташыгандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Унааларды мыйзамсыз ташыгандар кармалды

Өлкөгө автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган 3 жаран кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, алар "Чоң-Капка унаа жолу" өткөрмө жайынан Кыргызстандын номуру тагылган “Toyota Estima” үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. 

Бул факт Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган Кыргызстандын бир жана Казакстандын эки жараны камакка алынды. Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.