Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекетте жүргүзүлүп жаткан антикоррупциялык саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык тобокелдиктерди аныктай баштады.Учурда Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттик жумушчу тобу тарабынан коррупция үчүн эң талуу жерлерди аныктоо боюнча Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, муниципалдык мүлк башкармалыгынын ишмердиги изилденүүдө. Аткарылган иштердин жыйынтыгы менен аталган башкармалыктардын ишиндеги системалык коррупцияны жоюу боюнча план иштелип чыгып, аткаруу үчүн Бишкек шаардык мэриясына жөнөтүлөт.
Сентябрда мындай иш Ош шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн да жүргүзүлөт. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган иштер үзгүлтүксүз аткарылат. Белгилей кетсек, аталган иштин алкагында 26-27-августунда Ысык-Көл облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине «Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатуу» аталышында семинар өткөрүлдү.
Семинарга жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги катышып, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана минималдаштыруу ыкмалары үйрөтүлдү. Мындан сырткары, семинардын катышуучулары мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы саясаттын негизги багыттары менен таанышты.