Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси Уланбек Тотуяев «D.Watson» соода маркасынын президенти жана аткаруучу директору Зафар жана Ахсан Бахтавари менен жолугушту.
Анда тараптар соода тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгынын маселелерин жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле пакистандык тарап «D.Watson» дүкөндөр тармагында кыргыз өндүрүшүнүн бир катар товарларын сатуу үчүн Кыргызстандын ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.