Жаңылыктар
Президент үйлөрдүн курулушу менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Баткен шаарында кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө салынып жаткан 36 жаңы үйдүн курулушу дээрлик аяктады. Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапарынын алкагында аталган окуяда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн жеке курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан шаарчадан кабар алды. Мамлекет башчысы зарыл тиричилик техникасы жана керектүү коммуникациялары киргизилген бир нече үйдү көрүп чыкты. Ошондой эле, көчөлөргө асфальт төшөлүп, жарыктандыруу орнотулган. 

Шаарчанын ичинде бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт, парк жана башка керектүү инфраструктураны түзүү пландалууда. Өлкө башчы маркумдарды эскерип, туугандары менен бирге куран окуду жана алардын жакындарына дагы бир жолу көңүл айтты. Оор учурда өлкөнү сатпаган элдин ишеничтүү уулдарын тарбиялаганы үчүн туугандарына терең ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле, Мамлекет башчы өлкө жетекчилигинин умтулуусу, максаты жана аракеттери Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүүгө багытталганын, тынчтык жана ынтымакты сактоого аракеттер көрүлгөнүн белгиледи. Шаарчанын тургундары жана курман болгондордун туугандары Президентке колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришип, бир катар көйгөйлөрүн айтышты.