Жаңылыктар
Кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүүдө дүйнөлүк рекорд койду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүүдө дүйнөлүк рекорд койду

Кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүүдө дүйнөлүк рекорд койду. Ал сууда сүзүүсүн бүгүн, 27-августта 15:26да жыйынтыктады. Суучул Балыкчы шаарындагы “Алия” кум жээгинде маарага жетип, дүйнөлүк рекорд койду. 

Владислав Шулико сүзүп өткөн аралык үч миң алты жүз (3 600) олимпиадалык бассейнге тете. Сүзүп өтүү ийгиликтүү жыйынтыкталды. 21 жаштагы Владислав Шулико марафонун 22-августта 07:30 баштаган. Ал Каракол шаарынын Балыкчы шаарына чейинки 180 чакырымды алты күндө багындырды. 

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр.