Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте этностор аралык достук фестивалы башталды. Ага Сары-Өзөн Чүйдө жашаган бардык улуттун өкүлдөрү катышууда.
Эски аянтка боз үйлөр тигилип, көргөзмө-жарманке өтүп жатат. Мындан сырткары улуттар аралык достукту даңазалаган ыр-бийлер меймандарга майрамдык маанай тартуулоодо. Салтка айланып калгандай фестиваль жыл сайын өткөрүлөт.
Максат достукту бекемдеп, ынтымакты арттыруу. Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргызстан элинин ассамблеясы биргеликте өткөрүүдө.