Жаңылыктар
Казакстандагы жарылуудан 4 аскер кызматкери каза болуп, 60дан ашуун аскер жаракат алды
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандагы жарылуудан 4 аскер кызматкери каза болуп, 60дан ашуун аскер жаракат алды

Казакстандын Жамбыл облусунда инженердик ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан 4 аскер кызматкери каза болуп, 60дан ашуун аскер жаракат алды. Бул тууралуу Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин айтканына таянып РИА-Новости агенттиги жазып чыкты. 

Белгилей кетсек, 26-авгутта кечинде Жамбыл облусундагы аскердик бөлүктө инженердик ок, дары сакталган кампада алты жолу жарылуу орун болгон. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Аскер бөлүктүн жака белинде жайгашкан айыл тургундары коопсуз аймакка көчүрүлдү. Кырсык болгон кампада жуманын таңында өрт тутанып жатканы айтылган. 

Ал эми коргоо министри Нурлан Ермекбаев журналисттерге маек берип жатып учурда ал кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен алек болуп жатканын, баары соңуна чыккандан кийин ал кызматтан кетүү боюнча арызын жаза турганын билдирди.