Жаңылыктар
Чернобыль апаатына - 35 жыл. Чернобылчылар учурдагы көйгөйлөрүн билдиришти
Кыргызстан жаңылыктары
Чернобыль апаатына - 35 жыл. Чернобылчылар учурдагы көйгөйлөрүн билдиришти

Быйыл Украинада болгон Чернобыль апаатына 35, Япониядагы Фукусима кырсыгына 10 жыл болду. Буга байланыштуу борбор калаада Чернобыль апаатынын ардагерлеринин жолугушуусу болду. 

Анда ири кырсыктын кесепетинен жабыркагандар тиешелүү мекеменин өкүлдөрүнө материалдык жардам маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылышты. Белгилей кетсек, адамзаттын тарыхындагы эң чоң атомдук кырсыктын кесепеттерин жоюуга миңдеген кыргызстандыктар катышкан. 

Учурда өлкөдө миңден ашуун чернобылчылар бар. "Чернобыль биримдиги" коомдук бирикмесинин президенти Кадырбек Сасыкуловдун айтымында, алардын 90 пайызга жакынынын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Чернобыль апаатын жоюуга катышкан мекендештерибиздин 12 пайызынын балдарынын да майыптагы бар.

“Буга чейин мамлекет тарабынан чернобылчыларга материалдык жардам көрсөтүлүп келген. Бирок азыр ардагерлерге тийиштүү көңүл бурулбай жатат. Алар беш жылда бир жолу компенсация алышчу, быйыл эч кандай төлөм болгон жок. Ушул маселе боюнча мамлекетке сунушубузду киргизүү жана Чернобыль апаатынын 35 жылдыгына карата бүгүнкү форумду уюштурдук”,- деди "Чернобыль биримдиги" коомдук бирикмесинин президенти Кадырбек Сасыкулов.