Жаңылыктар
Кыргызстанда сырттан велосипед сатып алгандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда сырттан велосипед сатып алгандар көбөйдү

Кыргызстанда сырттан велосипед сатып алуу үч эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында айтылат. 

Ушул жылдын алты айында республикага 34 миңден ашуун велосипед алып келинген. Алардын наркы 614 миң долларды түздү. Велосипеддер Түштүк Корея, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Германия, Россия, Япония жана Евробиримдиктин айрым мамлекеттеринен импорттолгон. 

Өткөн жылдын ушул мезгилинде 11 миңдей велосипед сатып алынган.