Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясына каршы 21 миң 172 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 973 адам вакцинанын биринчи дозасын, 13 миң 199 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 663 миң 497 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 412 миң 346 жаран экинчи компоненти менен эмделди.