Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров шайлоо жөнүндө мыйзамга кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров шайлоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо» жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. 

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда жаңы Конституция кабыл алынган. Анда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, парламент депутаттарын шайлоого мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган. «Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоосун аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат. 

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеште 54 мандаттан турган саясий партиялардын тизмеси жана 36 мандаттан турган бир мандаттуу округ боюнча калыптанат. Мыйзамдын күчүнө кириши Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жаңы Конституция менен дайындоого мүмкүндүк берет.