Жаңылыктар
Бишкектин “Алтын-Ордо” конушунда 480 окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин “Алтын-Ордо” конушунда 480 окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда

“Алтын-Ордо” конушунда 480 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, жаңы мектеп 3 кабат жана 3 блоктон туруп, 480 окуучуга, ал эми бир класс 30 окуучуга ылайыкталган.

“Мектепти куруу үчүн 1,38 гектар жер бөлүнгөн. Учурда пайдубалын түптөө иштери жүргүзүлүп, кыш кынаптоо иштерине даярдык көрүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Алтын-Ордо” конушунда 6 миң 400 адам жашайт, анын ичинен 2 миң 280и мектеп курагындагы балдар.