Жаңылыктар
Жыл башынан бери Социалдык фонддун кирешеси көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери Социалдык фонддун кирешеси көбөйдү

Жыл башынан бери Социалдык фондго 35 млрд сомдон ашык киреше түшкөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 млрд сомдон ашыгыраак сумма. 

Бүгүнкү күндө өлкөдө 700 миңден ашык пенсия курагындагы жарандар болсо, быйыл 41 миңдей жаңы пенсионер кошулду. Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевдин айтымында пенсионерлердин 70 пайызга жакыны каражатын банк карталары аркылуу алышат. Санариптештирүүнүн алкагында калган пенсионерлерге да банкоматтан пенсия алууга шарт түзүү аракети көрүлүүдө. 

Аны менен катар башка мамлекеттерде эмгектенип жаткан кыргыз жарандарына пенсиялык камсыздоо механизмдери ишке ашууда. Учурда Түркияда, Кореяда иштеген мекендештердин пенсиялык көйгөйүн чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп төлөмдөр жолго коюлду.