Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Довлетгелди Режепов менен жолугушту.
Анда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн чакан жана орто бизнеске жардам көрсөтүү керек деген орток пикирге келишти. Муну менен катар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттары, ошондой эле Түркмөнбашы шаарында өткөн аймактагы өлкөлөрдүн эл аралык көргөзмөсүнүн жыйынтыктарын талкууга алынды.