Жакынкы убакта Бишкек шаарына 300 автобус алып келинет. Таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы куруу ишиндеги кемчиликтерден улам укук коргоо органдарына кайрылуу жолдонду.
Бул жана башка маселелерге токтолгон жаңы мэр Айбек Жунушалиев борбор калааны өнүктүрүүгө байланыштуу максаттарын атады. Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Эми жаңы мэр жакынкы үч айда социалдык-экономикалык программасын сунуштайт.
Эки аптадан бери борбор калаанын башчысынын милдетин аткарып келаткан Айбек Жунушалиев мэр кызматына шайланды. Аны Шаардык кеңештеги 45 депутаттын 43ү колдоду. Эми ал алгач Бишкекти өнүктүрүү боюнча өз программасын даярдоого киришет.