Жаңылыктар
“Газпром Кыргызстан” жылытуу мезгилине чейин абоненттерди карыздарды төлөөгө чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
“Газпром Кыргызстан” жылытуу мезгилине чейин абоненттерди карыздарды төлөөгө чакырат

Борбордо газга болгон төлөмдөрүн өз убагында төлөбөй, ошол эле учурда карызынын наркы көбөйүп кеткен абоненттердин газы өчүрүлөт. 

“Газпром Кыргызстан” компаниясы жылытуу мезгилине чейин абоненттерди карыздарды төлөөгө чакырат. Буга байланыштуу жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлдөрү тиешелүү мекемелер менен чогу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Борбордогу бул заңгыраган үйдүн ээси бир канча жылдан бери пайдаланган газдын акчасын төлөбөй келет. Төгүм жүргүзбөй отуруп анын каразы 165 миң сомдон ашып кеткен. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү бир нече жолу эскертүү бергени менен майнап чыккан эмес.