Жаңылыктар
Жаңы окуу жылында өлкө боюнча жаңы курулган 31 мектептин имараты пайдаланууга берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы окуу жылында өлкө боюнча жаңы курулган 31 мектептин имараты пайдаланууга берилет

Жаңы окуу жылында өлкө боюнча жаңы курулган 31 мектептин имараты пайдаланууга берилет. Анын катарында Чүйдүн Аламүдүн районундагы Озёрное айылындагы билим берүү уясы да бар. Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы №72 мектеп-гимназиянын кошумча имарты да пайдаланууга берилет.

Озерное айылынын балдары жаңы окуу жылында жаңы курулган мектепте билим алышат. Мектептин имаратынын курулушу толук бүткөрүлдү. Мында билим алууга баардык шарт түзүлгөн. Класстар зарыл болгон окуу каралдары менен жабдылган, ашкана, спорт залы да бар. 375 окуучуга ылайыкташкан билим берүү мекмеси Сауд Арабиянын кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланды.