Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Аны шаардык кеңештин 45 депутатынын 43ү колдоду.
Жунушалиевдин талапкерлигин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштаган. Борбор калаанын жаңы башчысы 3 айдын ичинде Бишкекти өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык программа даярдалаарын билдирди.