Жаңылыктар
Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы расмий ачылуу алдында турат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы расмий ачылуу алдында турат

Имараттын курулушу толугу менен аяктап, керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Мында жүрөк кан тамыр оорулары, боор ооруларына чалдыккан бейтаптар дарыланат.

Имаратты кыдырып чыккан Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эми чет өлкөдө дарыланып жүргөн бейтаптар ушул ооруканадан дарыланса болоорун билдирди. Жандандыруу бөлүмүндө 71 орун, дагы 51 орун өзүнчө каралган. Белгилей кетсек, Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Түркияга болгон мамлекеттик иш сапарында оорукананы ачуу жөнүндө сөз болгон.