Нарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган “Кыргыз шырдагы”, “Оймо” жана “Манас” фестивалдары жыйынтыкталды. Иш-чаранын соңунда мыктынын мыктылары сыйлыктарга ээ болушту. Эки күнгө созулган саамалыкка 7 дубандын булуң-бурчунан уз-чеберлер менен өнөрпоздор катышты.
Бул Гүлай Мамбеталиеванын колунан жаралган шырдак эң мыкты деп табылып фестивалда биринчи орунду ээледи. Кооздугу көздүн жоосун алган шырдакта кыргыздын кылым карыткан оймолору менен кошо кадимки жайлоодогу көк шиберде жайнаган гүлдөр түшүрүлгөн. Уз шырдакты эки жыл мурда жасаган. Гүлай Мамбеталиевага 50 миң сом сыйлык тапшырылып, шырдак музейге берилмей болду.
Онунчу жолу өткөрүлүп жаткан шырдак фестивалына жалпы эки миңден ашык шырдак коюлган. Алар атайын түзүлгөн комиссиянын тандоосунан өттү. Алар уздардын эмгегин 3 талап менен тандады. Заманбап үлгүдө жасалганы, мурас катары көп жылга кала турганы жана эски шырдакты кайрадан эжасалгало эске алынды. 27 шырдак мыкты деп табылып, 5 миңден, жыйырма миң сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды.