Улуттук китепканада өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата Жер шарын кыдырып келген Союзбек Салиев менен анын кесиптеши Йонас Юкниустун саякат учурундагы сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду.
Саякатчылар бир моторлуу учак менен эки айга жакын убакыт ичинде 46 миң чакырым аралыкты басып өтүп, Тынч океанды, Атлантика океанын, тоолорду, чөлдөрдү, талааларды жана чытырман токойлуу жыйырма алты өлкөнүн аймагын учуп өтүшкөн.
5 жыл мурда дал ушул күнү таңкы 7де Союзбек Салиевдин дүйнө жүзүнө болгон саякаты башталган. Абадагы сапар 62 күнгө созулган. Бул убакыт ичинде Салиев 15ге жакын мамлекетте болуп, жергиликтүү жашоочуларды Кыргызстан менен тааныштырган. Саякаттоо абдан татаал, анткени көпчүлүк дүйнө кыдыруучулар, Салиев сыяктуу экваторду айланып өтө албайт. 20-жылдары учкуч жана дүйнө саякатчыларын каттоо башталган. Кыргызстандык Союзбек Салиев бул тизмеде 216чы.
62 күн дүйнө кыдыруунун артында чоң эмгек жатат. Биринчи кезекте бул Союзбек Салиевдин бала чактагы кыялы ишке ашкан. Учкучтун айтымында, ар бир кыргызстандык өзүнүн өлкөсү үчүн пайдалуу бир нерсе жасашы керек. Салиев дүйнөнү айланууда Кыргызстандын желеги менен кыдырган. Саякаттан келгенден кийин желек Улуттук китепканадан орун алган.