Эгемендүүлүктүн 30 жана Шанхай кызматташтык уюмунун 20 жылдыгына карата Бишкекте тигүү окуу борбору ачылды. Эл аралык долбоор Кыргызстан Аялдар конгресси менен Кыргызстандагы Кытай элчилигинин колдоосунда ишке ашууда. Окуу борбору жумушсуз айымды кийим-кече тигүүгө акысыз үйрөтөт. Окуунун жыйынтыгы менен кыз-келиндерге сертификат тыпшырылып, жумуш менен камсыз болушат.
Эльнура тигүү окуу борборуна келип, кийим-кече кантип бычылып, тигиле турганын үйрөнүп жатканына эки аптадай болду. Убактысын текке кетирген жок бул убакыт аралыгында жип саптап, кийим кандай тигилээрин үйрөнүп калганын айтат. Окууну мыкты өздөштүрүп, сертификатка ээ болсо ушул эле жерде иштеп калсамбы деген ойдо.
Окуу борбору бир ай мурда иштей баштаганына карабай расмий түрдө эми гана ачылып тикмечиге үйрөнгөн кыз-келиндердин алгачкы тобуна сертификаттар тапшырылды. Бир айдын ичинде 80 айым тикмечиликке үйрөнүп, жумуш орундары менен камсыз болушту. Азыр кийинки топко кабыл алуу башталды.