Президент Садыр Жапаров туура эмес маалыматтан коргоо тууралуу мыйзамга кол койду. Эми мыйзам чегинде жалган маалыматтан жабыркаган тарап менен аны таркаткандардын ортосундагы укуктук милдеттенмелер жөнгө салынат. Бул тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жатканы менен укук коргоо органдары акыркы кезде социалдык тармактарга такталбаган маалыматтарды жайгаштырып, андан жабыркагандар көп экенин айтышат.
Буга кайрылган арыз ээлеринин саны далил. Буга чейин жалган маалымат тараткандарды жоопкерчиликке тартууну шарттаган мыйзам жок болгондуктан аларга эч кандай чара көрүлгөн эмес
Ысымын айтуудан чочулаган жаш ишкер буга чейин социалдык тармактарда ага каршы жазылган жалган комментарийлердин кесепетинен бизнесин жабууга аргасыз болгон. Анын атаандаштары түрдүү аккаунттардан социалдык тармактарга жалган маалыматтарды илип, жаман пикирлерди калтырып элдин көңүлүн буруу аракетин көргөн. Маалымат соккусунан кийин ишкер чыгашага учурап, ишин жапкан.
Мындан улам былтыр жалган маалыматтарга бөгөт коюуну шарттаган мыйзам долбоору демилгеленген. Бирок, документ Жогорку Кеңешке кайра кайтарылган. Бул жолу Мамлекет башчысы мыйзам долбооруна кол койду. Мыйзам тууралуу Президенттин Администрациясы төмөнкүдөй маалымат таратты.