Улуттук илимдер академиясында өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата “Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында илимдин өнүгүүсү” аттуу эл аралык илимий-теориялык конференция өттү.
Иш-чарага окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты. Конференцияда коомдук изилдөөлөрдүн эгемендүү мезгилинде жаңыланышы жана жаңырышы, Кыргызстандын тоолуу аймактарын рационалдуу жана коопсуз өздөштүрүүдө академиялык илимдин ролу, биологиялык багыттагы академиялык илимдин негизги жетишкендиктери жана өлкөнүн азык-түлүк кооопсуздугун камсыз кылуу тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле, иш-чаранын алкаганда көргөзмө уюштурулду.