Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен айнек чыгарган ишкана жаңы жабдуулар менен камсыздалып, өндүрүш кайрадан жолго коюлду.
Жаңыланган ишкананын салтанаттуу ачылышы болду. Ишканага фонд 1 миллион доллар каражат бөлүп, алынган жабдуулар заман талабына шайкеш келген архитектуралык татаал айнектерди чыгара баштады. Өндүрүштү алдыңкы жылдары 2 миллион долларга жеткирүү максаты коюлууда. Белгилей кетсек, айнек чыгарган бул ишкана ички керектөөнү 50-60 пайыз камсыздайт.
"Биз азык-түлүк коопсуздугуна көбүрөөк көңүл бурууга аракет кылып жатабыз. Эт, кумшекер, сыяктуу социалдык зарыл болгон продукцияларды өндүрүүнү колдойбуз. Анткени пандемия учурунда азык-түлүк коопсуздугу актуалдуу болду. Мындан сырткары дары-дармек коопсуздугу жаатында ири долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Ушул күндөрү фармацевтикалык ишкананын экинчи этабына киришүү алдында турабыз",- деди Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков.