Жаңылыктар
Темир Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Темир Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды. 

Сариевдин жактоочулары аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. УКМК "Кумтөрдөгү" жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди ""Кумтөр" кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен 3-августта кармаган. 

Соттун чечими менен ал эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.