Жаңылыктар
Жылдыз Бакашова ПЧР-анализдин жыйынтыктарын бурмалоо фактыларын жеке көзөмөлүнө алды
Кыргызстан жаңылыктары
Жылдыз Бакашова ПЧР-анализдин жыйынтыктарын бурмалоо фактыларын жеке көзөмөлүнө алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган ПЧР-тесттен өтүү тууралуу жасалма тастыктамаларды берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.


Жылдыз Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуулардын фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча жеке менчик лабораториялардын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды.