Президент Садыр Жапаров “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Конституция ар кимдин ар намысын коргоо укугуна кепилдик берет.
Кол коюлган мыйзамга ылайык, мамлекет чектерди коюу менен укуктук аткарылышын камсыздайт. Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат.
Муну менен, мыйзам ар кимдин маалымат ресурстарына жеке кайрылуусу аркылуу интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт. Мыйзам тарабынан сунушталган процедуралар негативдүү кесепеттерди, анын ичинде репутациялык жоготууларды, иштен кетүү мүмкүндүгү, материалдык пайдадан айрылуу жана башкаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.