Жаңылыктар
Кыргызстанда быйыл жети айда 3 982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда быйыл жети айда 3 982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болду

Бишкек - Ош авто жолунун 201-чакырымында Honda Step менен Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып, тогуз киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Алардын ичинде бир бала, алты аял, эки эркек бар. Бир адам жаракат алды. Кыргызстанда быйыл жети айда 3 982 жол кырсыгы катталып, 394 адам каза болду. Расмий маалыматта айтылгандай, былтыр 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон. 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам көз жумган.