Жаңылыктар
Жаңы окуу жылына даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы окуу жылына даярдык

Ош шаарындагы мектептер жаңы окуу жылына толугу менен даяр. Мугалимдер эмдөөдөн өтүп, окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттардын баары түзүлүүдө. Билим берүү уяларында оңдоо, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Ал арада, шаар мэриясы жаңы окуу жылына карата пайдаланууга бериле турган жаңы окуу корпусун мөөнөтүнөн кечиктирген курулуш компаниясына каршы арызын иликтөөчү органга өткөрүп берди. 

Ош шаарында жеке менчик, муниципалдык болуп жалпы 81 орто мектеп, 80 бала бакча бар. Социалдык объектилер жаңы окуу жылына даяр. Нариманов орто мектебинин жаңы окуу корпусу былтыр гана пайдаланууга берилген.

Шаар боюнча жалпы 77 миңдей мектеп окуучусу жана 13 миңден ашык мектеп жашына чейинки тарбиялануучу бар. Кабыл алуулар электрондук тартипте жүрүүдө. Ал эми, мугалимдердин 87 пайызы эмдөөдөн өткөн.

Маалыматка караганда, шаардагы мектептердин теңинен көбү талапка жооп бербейт. Алсак, калаанын борборунда жайгашкан №4 мектептин имаратынын курулганына 80 жылдан ашты. Орус тилдүү мектеп-гимназияда учурда 4 миңге чукул окуучу билим алат. 

Ал эми Туран аймактык башкармалыгындагы Дача айылынын балдары алыска барып окууга мажбур.
Шаардан болгону 5 чакырым аралыкта жайгашкан айылда мектеп жок. Жаңы конушта 9 миңдей эл жашайт. 

Конушка мектеп куруу аракети 2015-жылы башталган. Эки жылдан кийин пайдаланууга берилүүчү объектинин курулушу ушул күнгө чейин бүтпөй турат. Пайдаланууга берилбей жатып, четинен сапатын жогото баштаган курулушту аягына чыгаруу үчүн 12 млн. сом керектелет. 275 орунга эсептелинген долбоор 54 млн. сомго бааланган. Куруучу компания “ долбоор чийки”, -деген жүйө менен кошумча 9 млн. сом сураган. 

Ош шаардык мэриясы дагы бир мектептин курлушун мөөнөтүнөн кечеңдетип жаткан курулуш компанияга карата Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылган. Калаада 2015-жылдан бери курулушу созулуп келе жаткан 5 мектеп бар. Республикалык бюджеттен каржыланып жаткан объектилердин курулушу үчүн жалпы 200 млн. сомдой каражат талап кылынаары айтылат.