Өлкөдө эпидемиологиялык абал бир аз жакшырып, коронавирус илдетин жуктургандардын саны азайганы байкалууда. Соңку бир күндө вирус 228 адамдан табылды. Бирок адистер жааматтык иммунитет пайда болушу үчүн вакцина алууга чакырууда. Себеби эмдөө менен адам өзүн гана эмес, жакындарын да коргой алат.
Өлкөдө эмдөө башталгандан бери калктын 25 пайызы же 600 миңден ашык киши вакцинанын биринчи дозасын алды. Ал эми экинчи өлчөмү менен 356 миң адам эмделди.
Дарыгерлердин айтымында, эмдөө коронавирус илдетин жуктуруп алуудан коргойт. Буга байланыштуу калк менен тыгыз байланышта болгон Ички иштер министрлигинин кызматкерлери дагы эмдөөгө активдүү катышууда. Азыр ИИМдин 6 миңден ашуун кызматкери вакцина алды.
Учурда өлкө боюнча 25 миңге жакын медайым калктын саламаттыгы үчүн кызмат кылууда. Алар бейтаптарга вакцина жөнүндө маалымат берип, эмделгендер боюнча мониторинг жүргүзүп жатышат.
Ал эми статистикага көз чаптырсак, соңку аптанын ичинде ооруга чалдыккандардын саны бир аз төмөндөп калды. Буга чейин бир күндө вируска кабылгандардын саны миңден ашып жатса бул айда тумоону жуктургандардын орточо көрсөткүчү 200дөн 400адамга чейин болууда. Бирок абал турукташты деп айтууга эрте. Алсак, 23-августка карата вирус 228 адамдан катталып, 5 бейтап көз жумду.