Жаңылыктар
Кышка карата даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка карата даярдык

Күз-кыш мезгилине карата “Түндүк электр” ишканасы пландык оңдоп-түзөө жумуштарын аткарууда. Буга байланыштуу электр жарыгы маал-маалы менен Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жана айрым конуштарда өчүрүлөт. Быйыл аба чубалгыларын жана трансформаторлорду ремонттоо үчүн казынадан 90 миллион сомдой каражат каралган. 

Адистер бул ирет Туңгуч кичи районундагы трансформаторду алмаштырууда. Жыл өткөн сайын кардардын саны өсүп жабдууга күч келе баштаган. Жарык берген трасформатордун бирөө эле көп кабаттуу 5 үйдү камсыздайт. Суук күндөрү авариянын алдын алуу максатында оңдоо иштери жүрүп жатат. Андыктан жашоочулар 3 сааттай жарыксыз калышты. Өчүрүүлөр болоору алдын ала эскертилген.

Энергетиктер пландык оңдоп-түзөө иштерин жаздан тарта күзгө чейин жүргүзөт. Күз айларына жакын республикалык жана жергиликтүү деңгээлде даярдык иштери күчөйт. Ар бир тармакта аткарыла турган жумуштар бекитилген. “Түндүк электр” ишканасынын бригадалары көмөк чордондогу жабдууларды оңдоп, башка пландык иштерин аткарууда. 

Калкка электр энергия бөлүштүрүүчү жабдууларды оңдоо алдында инженерлер тарабынан текшерилип баа берилет. Андан соң оңдоло тургандары тизмеге алынып, каражаты эсептелет. Быйыл 90 миллион сомдон ашык каражат талап кылынган. Адистер оңдоп-түзөө иштери октябрдын башында аяктай турганын билдирди. 

“Түндүк электр” ишканасы Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын электр энергия менен камсыздайт. Ишканада жабдуулардын 60 пайыз бөлүгү эскиргендиктен дайымма оңдоп-түзөөгө муктаж экени айтылды. Мунун баары аварияга алып келет. Ал үчүн кыш мезгилинде бригадалардын саны көбүрөөк болот. Учурда жылытуу мезгилине даярдыктарга байланыштуу көп жерлерде ремонт иштери жүрүп, убактылуу өчүрүүлөр болууда.