Жаңылыктар
Аралаш шайлоо системасы сыналат
Кыргызстан жаңылыктары
Аралаш шайлоо системасы сыналат

Кыргызстанда парламенттик шайлоо алгачкы жолу аралаш ыкмада өткөрүлгөнү турат. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдардын чек арасын аныктоодо. Ар бир округда кеминде 100 миңдей шайлоочу болот.

Жаңы Конституцияда парламентте 90 депутат болоору, алар пропорционалдык жана можаритардык же аралаш системада шайланаары белгиленген. Бирок канчасы партиялык тизме менен, канчасы бир мандаттуу округдардын куралаары көрсөтүлгөн эмес. Ал атайын тиешелүү мыйзам менен аныкталды. 

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгону парламенттик шайлоо алгач бир мандаттуу округ аркылуу өткөрүлсө, 2007-жылдан бери партиялык тизме тажрыйбаланып келди. Кайсы система өлкөгө ылайыктуу деген маселе кызуу талкуулардын чордонуна айланган. Эми эки ыкма тең бир учурда колдонулганы турат. Шайлоого ат салышкан партия бул ирет 5 пайыздык босогону багындырышы керек. Эми шайлоо бүткөндөн кийин бир партиянын ичиндеги талапкерлердин мандат талашына чекит коюлат. Себеби кайсы талапкер канча добуш алганы ачык көрүнөт.

Көпчүлүк эми парламентте аз сандагы мандатка ээ көбүрөөк фракциялар пайда болоорун болжоп жатышат. Себеби шайлоо босогосу жеңилдетилип, 7 пайыздан 5ке түшүрүлгөн. Ошондой эле партиялар үчүн мурдагыдай 120 эмес, 54 гана орун кепилденген. Азырынча шайлоо өтө турган күн аныктала элек.