Жаңылыктар
Олимп оюндарынын байге ээлери сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Олимп оюндарынын байге ээлери сыйланды

Спортчуларыбыз талыкпаган күжүрмөн эмгеги жана дымактуу демилгелери менен мекенинин атагын дүйнөгө таанытып, ата мекендик спорттун өнүгүшүнө зор салым кошуп жатат. Бүгүн Президент Садыр Жапаров ХХХII жайкы Олимп оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына жогорку мамлекеттик сыйлыктарды жана акчалай сый акыларды ыйгарды. Олимпиаданын күмүш жана коло медалдарынын ээлери балбандарыбыз Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарова II жана III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, президенттин колунан «Toyota RAV4» үлгүсүндөгү автоунаалардын ачкычтарын алышты. 

Олимпиада оюндарында байгеги жетишип, өлкө желегин желбиреткен спортчулар - бүтүндөй кыргыз элинин сыймыктары. Алар көкүрөк кере басып, жемиштин даамын татканга татыктуу уул-кыздар. 1 ай мурда Токиодо өткөн ХХХII жайкы Олимпиадада өлкө намысын коргогон спортчуларыбыз. 

Тизилип турган автоунаалар менен мамлекеттик сыйлыктар жана акчалай сыйлыктын сертификаттары Токиодо өткөн Олимп оюндарында миллиондогон мекендештерин кубанычка бөлөп, ийгилик жараткан спортчуларыбызга даярдалган. Президент Садыр Жапаров байге ээлерин жана катышуучуларын куттуктап, Кыргызстанды татыктуу таанытып, ийгиликтүү таймаш көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Калың элдин сыймыгына айланып, дүйнөгө кыргыздын атын тааныткан, ХХХII жайкы Олимпиадада күмүш, коло медалдардын ээлерине өзгөчө белектер берилди. Президент кыргыздын сыймыктуу кызы Айсулуу Тыныбековага жеңиши үчүн 2-даражадагы “Манас” ордени, 10 млн сом жана “Toyota RAV4” үлгүсүндөгү авто унаанын ачкычын тапшырылды.

Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова президенттин колдоосуна ыраазычылык айтып, күмүш медалын Эгемендиктин 30 жылдыгына арнай турганын айтты. Балбан кызыбыз 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катыша турганын да ачык билдирди. 

Бүтүндөй кыргыз элине кубаныч тартуулаган Айсулуу Тыныбекова ата-энесинин сыймыгы. Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчи орунда турган Айсулуу талыкпаган эмгегинин арты менен дал ушундай бийик даражага жетти-дейт балбан кыздын ата-энеси. 

Ата-эне балдарынын шыгына, жараша багыт берет эмеспи. Грек-рим күрөшүнөн Олимпиадада күмүш медаль уткан балбаныбыз Акжол Махмудов бала чагынан спортко болгон кызыгуусу байкалгандыктан, атасы аны күрөшкө алып барган.

Үй-бүлөсүнө, жалпы элине эле эмес Олимпиадада өз ыкмалары менен татыктуу таймаш көрсөткөн балбаныбыз Акжол Махмудов Президентин колунан 2-даражадагы “Манас” ордени, 10 млн сом жана “Toyota RAV4” үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычын алды. 

Дагы бир балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 7 млн сомдук сертификатты жана «Toyota RAV4» жаңы авто унаасынын ачкычын алды. Жуманазарова өлкөнүн спорт тармагынын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп жатканына кубанычта экенин белгилеп, спортту колдоп жаткан Президентке ыраазычылык билдирди. 

Өлкө желегин желбиретип, мамлекетти дүйнөгө таанытууда машыктыруучулардын орду чоң. Алардын бири кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков. Ага да 8 млн 150 миң сомдук сертификат тапшырылды. Ал кыргыз спортчулары алдыда көптөгөн ийгиликтерди жаратаарын белгилеп, машыгуулар уланып жатканына токтолду.

Ата мекендик спортту өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн Олимпиада-2020 оюндарынын байге ээлери, машыктыруучулар эле эмес катышуучулардын баары сыйланды. Кыргызстандын курама командасынын Олимпиада оюндарындагы жогорку жетишкендиктерине кошкон маанилүү салымдары үчүн мамлекеттик сыйлыктар жана акчалай сый акылар ыйгарылды. Президент Улуттук курама команданын бардык мүчөлөрүнө, машыктыруучулар, дарыгерлер жана спорттун бардык түрлөрү боюнча Федерация өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. 

Кыргыз спортчулары алдыда боло турган оюндарда дагы ийгиликтерди багындырып, жалпы журтту кубанычка бөлөшөт деген ишеним бар. Ал эми кыргыз эли чын дилден күйөрмандык кылып, ар дайым колдоп, сүрөөгө даяр.