Жаңылыктар
Баткен облусунун Голбо айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына бүткөрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунун Голбо айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына бүткөрүлөт

Баткен облусунун Лейлек районунун Голбо айылындагы жаңы мектептин курулушу жаңы окуу жылдын башталышына карата бүткѳрүлѳт. Учурда объекттин даярдыгы 90 пайызын түзөт. Подряддык уюм тарабынан аймактын ички жасалгалары жана көрктөндүрүү боюнча иштери аяктоодо.

Белгилесек, жаңы мектеп 275 окуучулук орунга эсептелген, анын сметалык наркы 931 320 АКШ долларын түзөт. Бүгүнкү күнгѳ, Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен 484 286,4 АКШ долларын каржылады.

Мектеп жаңы форматта курулуда, анда окутуу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана,  спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика жана информатика класстары болот.