Жаңылыктар
Милиция жаш өспүрүмдү издөөгө жардам берген Балыкчынын тургунун сыйлады
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция жаш өспүрүмдү издөөгө жардам берген Балыкчынын тургунун сыйлады

Дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү табууга көмөк көрсөткөн жергиликтүү тургун Келдибек Джумашевге Балыкчы ШИИБдин башчысы Улан Кыдыргычев грамота тапшырды.

Балыкчы шаарынан дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо максатында, шаардын милициясынын демилгеси менен масштабдуу издөө иш чарасы дем алыш күндөрү өткөрүлдү. Аталган иш чарага мэриянын, мекеме-иш каналардын жана жаштардын өкүлдөрү кеӊири тартылды. Шаар секторлорго бөлүнүп, милиция кызматкерлери жана коомчулук, дайынсыз жоголгон адамдар жөнүндө маалыматтар камтылган атайын даярдалган издөө багыттамалары шаар тургундарына таратылып берилген.

Ушундай жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын жүрүшүндө, «Заслон» күзөт агенттигинин смена башчысы Келдибек Джумашев милицияга телефон чалып, ал иштеп жаткан супермаркеттин жанында бир жаш өспүрүм бала жүргөндүгү жөнүндө кабарлаган. Аталган билдирүү боюнча барган милиция кызматкерлери Садовое айылынын 13 жаштагы тургуну П.Б. аныкташып, жаш өспүрүм 10 августан бери Чүй облусунун Москва РИИБде дайынсыз жоголгон катары каттоодо турганы билинген. Дайынсыз жоголгон бала милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.   

Шаардык милициясынын башчысы грамотаны сыйлык ээсине тапшырып жатып, милиция кызматкерлери өзүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгүндө дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо боюнча талыкпаган эмгекти жумшап келишерин жана кайдыргерсиз коомчулуктун өкүлдөрүнүн чоӊ колдоосу менен бул багыттагы ишти дагы алдыга жылдырууга мүмкүн экендигин белгилеп кетти.