Өлкөнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго 8 млн 150 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Өлкө желегин желбиретип, мамлекетти дүйнөгө таанытууда машыктыруучулардын орду чоң. Алар тарбиялаган спортчулар өлкө намысын коргогон, жалпы журттун сыймыгы. Нурбек Изабеков мамлекет тарабынан спортко көңүл бөлүнүп жатканына терең ыраазычылык билдирип, кыргыз спортчулары алдыда көптөгөн ийгиликтерди жаратаарын белгиледи. Айтымында азыр машыгуулар жүрүп жатат.