Жаңылыктар
Балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

ХХХII жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. 

Президент Садыр Жапаров Олимпиадага катышкан спортчуларды сыйлоо аземинде кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Мээрим Жуманазаровага 7 млн сомдун сертификатын жана «Toyota RAV4» жаңы авто унаасынын ачкычын тапшырды. 

Жуманазарова өз сөзүндө өлкөнүн спорт тармагынын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп жатканына кубанычта экенин белгилеп, спортту колдоп жаткан Президентке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, жалпы журтка, күйөрмандарына рахмат айтып, жеңишин эгемендиктин 30 жылдыгына арнады.