Жаңылыктар
Эгемен элдин тарыхын баяндаган “Биз кыргызбыз” китебинин бет ачары өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемен элдин тарыхын баяндаган “Биз кыргызбыз” китебинин бет ачары өттү

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору Жумагул Сааданбековдун монографиялык жанрда жазылган “Биз кыргызбыз” китебинин бет ачары өттү. 

Муну менен катар автордун китеп-иллюстрациялык көргөзмөсү уюштурулду. Анда Сааданбековдун чыгармачылыгына жана өмүрүнө арналган китеп, макалалар, басылмалар, фотоматериалдар коюлган. Сааданбековдун бул монографиясы анын интеллектуалдык эмгегинин натыйжасы болуп саналат.

Автор китебине көчмөн коомунан тартып, совет доорунда Россия империясынын курамында болуп, кийин кыргыздардын көз карандысыздыкка жетишкенге чейинки тарыхын камтыган. Китеп кыргыздардын этникалык, диний, лингвистикалык жана субэтникалык иденттүүлүгүн талдоого арналган.