Кыргызстандын тарыхтагы Олимпиадада биринчи алтыны Парижде болот деп ойлойм. Мындай пикирин президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жайкы Олимп оюндарынын байге ээлерине жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземде Олимпиада оюндарында күмүш медалды багындырган Акжол Махмудов билдирди.
Балбан ата-энесине, Садыр Жапаровго, машыктыруучуларга жана дарыгерлерге ыраазычылык сөзүн айтты. Белгилей кетсек, ХХХII Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барган. Жыйынтыгында балбан Акжол Махмудов күрөштүн грек-рим түрү боюнча атаандашын жеңип, күмүш медалдын ээси болду. Анын бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге болду.