Бир жума аралыгында Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 227 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, 67 айдоочу мас абалында автоунаа башкарып бара жатып кармалган.
14 айдоочу автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып алган. 89 айдоочу айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкарса, 2 киши жасалма мамлекеттик номур менен унаа айдап чыккан. Автоээнбаштык боюнча 1 факт катталды. Башка жол эрежелерин бузуулар – 4054 болсо, ар кандай эреже бузган 299 автоунаа айып короо жайына токтотулду.