Жаңылыктар
ЖККУнун кезексиз сессиясында аймактагы коопсуздук маселеси талкууланат
Кыргызстан жаңылыктары
ЖККУнун кезексиз сессиясында аймактагы коопсуздук маселеси талкууланат

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. 

Анда Афганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу маселеси талкууланат. Сессия Тажикстан Президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында өтөт. 

Иш-чарага Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.