Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

23-августта, түнкү саат 03:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 балл жана Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилди. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.