Кыргызстандын гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз жана кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. 23-августта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33 градус жылуу болот.