Салыкты өз учурунда төлөп коюп бейпил уктай бер, деген салыкчылардын ураан сөзүн укпаган жаран болбосо керек өлкөдө. Ойлоп көрсөн, чынында эле, өз убагында, кечиктирилбей төлөнгөн салык жана социалдык төлөмдөр өлкөбүзгө, коомубузга бейпилдикти, жарандарга тынч жашоону алып келет. Өз учурунда төлөнгөн салык – айлык акылардын кечиктирилбей, өз убагында төлөнүшүнө, ал эми, социалдык төлөмдөрдүн төлөнүшү – пенсиялардын жана башка жөлөк төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз берилишине мүмкүнчүлүк жаратат.
Бүгүнкү күндө салыктарды үйдөн чыкпай туруп төлөп койсо болот. Ага өлкөбүздө терең өнүгүп келген санариптик технологиялар жардам берет. Учурда шаарларда, район борболорунда, айылдардын көпчүлүгүндө санариптик кызматтар аркылуу салык төлөмдөрүн которууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Демек, биз, жалпы өлкөнүн жарандары, мамлекеттик бюджеттин толушун гана эмес, ошол айлык акылардан, пенсия жана социалдык жөлөк төлөмдөрдөн улам келип чыккан өлкөбүздөгү бейпилдикти көңүлүбүзгө алып, жер участогу, турак жай, автоунаа каражаттарынын салык төлөмдөрүн кечиктирбей төлөп коюну эстен чыгарбасак.