Жаңылыктар
"Коопсуз шаар": Айып пулдун көлөмүнүн кыскарышы - карапайым элдин чөнтөгүнө жеңил болду
Кыргызстан жаңылыктары
"Коопсуз шаар": Айып пулдун көлөмүнүн кыскарышы - карапайым элдин чөнтөгүнө жеңил болду

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана автотранспортту жана электромобилдерди эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы анча чоң эмес укук бузуулар үчүн айыптарды азайтууга, ошондой эле жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, көлүк унаа башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү же 1чи категориядагы айып пул түрүндөгү жазанын альтернативдүү түрүн белгилөөгө багытталган.

Мисалы, мыйзамда каралган айып пул төлөө учурларынын катарында мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 чакырым/сааттан көп, бирок 20 чакырым/сааттан көп эмес ашып кетүүсү жана башка учурлар аталган. Ошондой эле, айып салуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айыптын өлчөмү 70 пайызга азаят.